АКИШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКИШЕВ Кемал (23. 5. 1924. Павлодар облусу, Барнаул шаары – 10. 8. 2003, Алматы) – археолог, казак археология илимин негиздегендердин би­ри. Казакстан мамлекеттик сыйлыгынын (1982), Казак ИАсынын Ч. Валиханов атындагы сыйлыгынын (1966) лау­реаты, Германия Археология институтунун корреспондент мүчөсү, Казакстандын илимге эмгек сиңирген кызматкери (1989), 1950‑жылы Казак мамлекеттик университетин бүтүр­гөн соң, Казакстан ИАда аспирант, кенже жана улук илимий кызматкер, профессору. 1955–90‑жылдары Ч. Валиханов атындагы тарых, археология жана этно­графия институтунда археология бөлүмүнүн башчы­сы болуп иштеген. 1991‑жылдан А. Маргулан атындагы археология институтунун бөлүм башчысы, институ­ттун улук илимий кызматкери. 1954‑жылдан Казак­стан аймагындагы археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси. Байыркы жана орто кылымдарга таандык эстеликтерди, дүйнөлүк мааниси зор Эшик (казакча Есик) коргонунан табылган «Алтын адам» (б. з. ч. 5‑4‑к.), Бешча­тыр (б. з. ч. 6‑5‑к.), Отрар ж. б. археологиялык та­былгаларды ачкан жана изилдеген. 220га жа­кын илимий эмгектин, анын ичинде 14 монографиянын ав­тору. «Древняя культура саков и усуней доли­ны р. Или» (1963), «Древняя культура Централь­ного Казакстана» (1966), «Древний Отрар» (1970) ж. б. эмгектеринде коло, эрте темир доорунда­гы маданияттардын маанилүү жана негиздүү маселе­лерин изилдеген. «Парасат» ордени менен сыйлан­ган.