АКИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКИМ (ар. – хаким – диний жана коомдук иш­терди башкаруучу) – 1) бийлөөчү; атайын да­йындалган же шайланган эл башкаруучу. Кыр­гыздар Кокон хандыгына баш ийип турган мез­гилде административдик аймактардын башында аким турган. Алар берилген укуктарына жараша кушбег, бек, датка атактарын алышкан да, жалпысынан эл арасында аким аталган. Кыргызстан эли Россия­нин курамына кошулгандан кийинки мезгилде да уезд башчысына ж. б. бийлөөчүлөргө карата айтыла берген, бирок мурунку маанисин жого­туп, кийинчерээк колдонулбай калган; 2) ра­йондук мамлекеттик администрация башчысы. Анын укуктук негиздери КРдин «Жергиликтүү өзүн‑өзү башка­руу жана жергиликтүү администрациясы жө­нүндө» мыйзамында бекитилген. Аким жергиликтүү ке­ңештин макулдугу жана премьер‑министрдин су­нушу менен КРдин Президенти тарабынан төрт жылдык мөөнөткө дайындалат. Президенттин буйругу менен бошотулат. Аким эки мөөнөттөн ашык бир райондо кызмат ээлей албайт. КРдин Пре­зидентине, Премьер‑министрине жана облустук администрация башчысына баш ийет. Ал жергиликтүү администрациянын иш­мердүүлүгүн көзөмөлдөйт жана жыйынтыктары үчүн жооп берет, алардын жетекчилерин ээле­ген кызматынан алууга жана дайындоого макул­дугун берет. Жылына бир жолудан кем эмес, райондук кеңешке иштин абалы жөнүндө билдирүү жасайт: социалдык-экономикалык өнүгүү жана элди социалдык жактан коргоо боюнча программанын, бюджеттин аткарылышы боюнча отчёт берет жана райондук кеңешке бюджеттин долбоорун бекитүүгө сунуш кылат.
К. А. Исмаилова.