АКЕДИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКЕДИЛ, Агизель, Белая – негизинен Башкырт Республикасынын аймагы аркылуу аккан дарыя. Каманын сол куймасы. Узундугу 1430 км, алабынын аянты 142 миң км2. Жогорку агымы Түштүк Урал тоолору, Уфа дарыясына куйгандан кийин түздүк боюнча агат. Суусунун орточо чыгымы 970 м3/сек. Ноябрдын 2‑декадасынан апрелдин жарымына чейин муз каптап жатат. Уфадан кеме жүрөт. Жээгинде Белорецк, Салават, Ишимбай, Стерлитамак, Уфа, Бирск шаарлары жай­гашкан.