АКЕ
АКЕ, а г а, а б а, б а й к е – 1) өзүнөн улуу эркек кишилерди урматтоо, сыйлоо, ызааттоо иретинде айтылуучу сөз; 2) айрым жерлерде кыргыздын салты боюнча туугандардын ичинде келиндердин кайнагаларын тергегени. Мында кайсы кайнагасын айтып жатканын дааналоо үчүн алардын ар кимисине көмөкчү аттарды коюп аташкан (молдо аке, төкөраке); 3) калыс болуп, адилеттикти туу тутуп, турмушта чындыктан тайбаган, эл мүдөөсүн аркалап, келечекти көрө билген акылман, калың журттун сый‑урматына ээ болгон даанышман инсандардын ардактуу наамы. Өткөн замандарда эл ичинде талаш-тартыштарды акыйкаттык менен чечкен адамдын аброю жогорулап, барган сайын аке деп атала баштаган. Мындай акелер ар бир элде, урууда болгон. Мисалы,18‑кылымдын аягы – 19‑кылымдын башында Ысык‑Көл өрөөнүндө Мойт жана Сарт аттуу адамдар жашап, акылмандуулугу менен жалпы элге белгилүү болушкан. Алар өздөрүнүн баалуу кеңештери, нускалуу сөзү, жасаган иштери менен көл кылаасындагы элде кадыр‑баркка ээ болушуп, чоң жыйындар аларсыз өтпөптүр. 1840‑жылы Жыргалаң суусунун боюнда чоң жыйын өткөрүлүп, тарыхта белгилүү инсан Тилекмат Жылкыайдар уулу элге: мындан ары Мойт атаны, Сарт абаны «Аке» деп ардактайлы деген сунуш менен кайрылганда, эл жапырт колдоп, ошондон алар Мойт аке (90дон өткөн учурда), Сарт аке (80ге караган кезде) аталып калат. Ошондон кийин бул тараптан Садыр аке, Карач аке, Кыдыр аке өндүү акылмандар чыгат. Кийинки учурда аларга Карга аке менен Тилекмат аке кошулуп, бардыгы жети аке эл арасында айтылып жүрөт.
К. Асанбеков.