АКВАТОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКВАТОРИЯ (лат. aqua – суу жана territorium ­территория) – океандын, деңиздин, суу сакта­гычтын же порттун белгиленген чегиндеги суу бети (мейкиндиги). Акватория жүк жүктөө жана түшүрүү үчүн кемени токтотууга (порт Акваториясы), кеме куру­лушунун акыркы жумуштарын бүтүрүүгө жана кеме ремонттоого (завод Акваториясы), техниканы сы­ноого (суу полигону) пайдаланылат.