АКВАРИУМ БАЛЫКТАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АКВАРИУМ БАЛЫКТАРЫ – кооздук жана изилдөө максатында суу толтурулган атайын айнек идиште (аквариумда) багылуучу майда балыктар. Аквариум балыктарынын дене узундугу 1,5‑30 см. Көпчүлүгү майда, түркүн түстүү, кооз. Аквариум балыктары Африка, Америка, Азияда, тропик жана субтропик жылуу, шор эмес сууларда кездешет. Алардын каңылтыр, алабуга сымал урук таштоочулары жана тирүүлөй туучу түрлөрү бар. Бул балыктарды багуудагы байкоолор генетикалык, биохимиялык жана бионикалык изилдөөлөр үчүн чоң мааниге ээ.