АКВАРИУМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКВАРИУМ (лат. aguarium, agua – суу) – 1) сууда жашоочу өсүмдүк жана жаныбарларды өстүрүү жана багуу үчүн атайын идиш. Багылуучу өсүм­дүк, жаныбардын жашоо шартына ыңгайланып, аквариумдун түзүлүшү жана формасы, өлчөмү ар түрдүү болот. Ал жалаң айнектен же каркасы металл, капталдары айнектен, кээде органикалык айнектен жа­салат. Балыкты багуудагы зарыл шарттардын бири – аквариумдагы сууну кычкылтек менен каныкты­руу жана зарыл туздун курамын камсыз кылуу. Сууну кычкылтек менен каныктыруу үчүн аквариумга суу өсүмдүгүн салып, ага 1 суткада 10‑12 саат жа­рык жиберүү керек. Өсүмдүк жарыкта аквариум балыктары бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газ­ды сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат; суу­дан органикалык жана органикалык эмес заттарды сиңирет. Аквариумдун түбүнө арык кумун таза жууп пайдаланса бо­лот. Өсүмдүктөрдөн суунун үстүндө калкып жүрүүчү сальвиния, суу салаты, суунун ортосун­да сүзүп жүрүүчү элодея, людвигия ж. б. суунун түбүндө тамырлануучу валлиснерия, жебе жал­бырак ж. б. пайдаланылат. Бөлмөдө Аквариумдун болу­шу абанын нымдуулугун жогорулатат. 2) Изил­дөө жана көргөзүү максатында деңиз жана тузсуз сууда жашоочу фауна жана флора өкүлдөрүн кар­моочу атайын мекеме дүйнөнүн көп өлкөлөрүн­дө бар. Деңиз жаныбарларын кармоо үчүн деңиз жээгинде жайгаштырылат. Мындай аквариум 1‑жолу 19‑кылымдын 2‑жарымында уюшулган (1871‑жылы Севастополдо, 1872‑жылы Неаполдо). Айрым деңиз аквариуму океанириум деп аталат.