АКВАРЕЛЬ
АКВАРЕЛЬ (итал. acguerella – суудагы боёк, лат. aqua – суу) – сууга эзилүүчү, оңой жуула турган боёк, ошондой эле аны менен тартылган живопись
(адатта желим кошулат). Аны кадимки эле кагазда боёкторду сууда эзип алып, тегерек баштуу жебилге менен тартышат. Өтө жука боёлгон катмардын жумшактыгы жана тунуктугу акварель живописинин эң маанилүү, өзгөчө касиети болуп эсептелет. Ак боёк ашыкча коюу боёк катары бул жерде колдонулбайт (аны бүт живопись аркылуу көрүнүп турган кагаздын ак түсү алмаштырып турат). Мындай сүрөт тартуу техникасынын мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен, ошону менен бирге кыйынчылыктары да бар. Кээ бир жетишпей калган жерлерин кайрадан түп тамырынан бери оңдоп чыгуу көп учурда бул жерде мүмкүн болбойт. Кээде акварель тунук эмес, салыштырмалуу коюу ак боёктор менен тартылат, мындай учурда бул материалдын негизги касиети кескин өзгөрөт жана ал гуаштын өзгөчөлүктөрүнө жакындайт. Таза акварель 15‑кылымдын башында кеңири пайдаланыла баштаган. Акварель боёгу тунук жана сүрөттүн өңүнүн тазалыгы менен айырмаланат. 19‑кылымда көптөгөн өлкөлөрдүн жана атайын сүрөт окуу жайларынын сүрөтчүлөрү (Э. Делакруа, О. Домье, П. Гаврни, А. Менцель, И. Е. Репин, В. И. Суриков, М. А. Врубель) көбүнчө акварель жанрына кайрылышкан. Азыркы мезгилде Россияда Акварель менен С. Н. Андрияна, М. П. Митруч‑Хлебников, А. Д. Шмаринов ж. б. иштешет. Санкт‑Петербургда В. Г. Старовдун акварелисттер мектеби, 1998‑жылы акварелисттер коому уюшулуп, жыл сайын эл аралык көргөзмөлөр өткөрүлөт. Кыргызстандын сүрөт искусствосунда акварель жанрына М. Өмүркулов («Студенттердин Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк 6‑фестивалынын делегаты»), А. Н. Михалев («Тянь‑Шань боюнча» акварель циклдери), С. Чокморов («Аксакалдардын отурушу», «Миндаль»), Р. Нудель («Кыргызстан бакчалары»), А. Турумбеков («Пейзаж», «Кечки Ленинград»), ошондой эле А. Биймурзаев, О. Апсатаров, У. Акунов ж. б. кайрылышкан.
Ад.: Акварель. Альбом произведений художников Киргизии. Ф., 1975.
М. Карыбекова.