АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН (1542–1605) – Индия­дагы Могол династиясынын үчүнчү башкаруу­чусу (1556‑жылдан). Бабурдун небереси. Могол династиясынын бийлигин бекемдеп, согуштук жүрүштөрдүн натыйжасында бир топ княздык­тарды (Кашмир, Бенгалия, Мальва, Бихар, Раж­путана ж. б.) кошуп алып, мамлекеттин чегин кеңейткен. Ички саясатында ири жер ээлери­нин (жагирдарлардын) бийлигин чектеген иш-аракеттерди жүргүзүп, аскер башчыларына мур­дагыдай жер бөлүп бербестен, аларга кызматы үчүн казынадан акы төлөгөн, ал эми жер салы­гын мамлекет тарабынан атайын дайындалган адамдар чогулткан. Индияда моголдордун бийли­гин бекемдөө максатында индус төбөлдөрүн өз тарабына тартууга аракеттенип, алардын өкүлдөрүн маанилүү мамлекеттик кызматтарга дайындаган.

Акбар аскерлери менен Ганг д‑нан өтүүдө (Ихлас жана Мадгу, могол мек­теби: болжол менен 1600‑ж.; Лондон. Виктория жана Аль­берт музейи).

Ражпуттардын атчандары Акбардын армиясынын негизин түзүп калган. Акбардын мындай саясаты мусулман‑жагирдарларынын нааразылыгын туудурган. Ал ислам, ин­дуизм, парсизм, жайнизм диндеринин негизин­де жаңы дин («Дин‑и илахи») киргизип, анын негиздөөчүсү катары таанылган. Ал тарыхта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, жөндөмдүү аскер башчы, кат тааныбаса да билимге ынтызар инсан катары белгилүү.