АКАРТ МРАМОР КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
АКАРТ МРАМОР КЕНИ Ош облусунун Ноокат районунда, Жаңы‑Ноокат кыштагынан 30 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 2700–2880 м бийиктикте.1992‑жылы геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Мрамор ортоңку таш көмүр мезгилинде пайда болгон. Өңү ак, көгүш‑ак, ачык‑боз, боз, кесек кристаллдуу, массивдүү, декоративдүү. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,70 г/см3, көзөнөктүүлүгү 0,78%, суу сиңирүүсү 0,08%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 73,0 МПа, сууга каныккан абалда 67,1 МПа, жешилүүсү 1,62 г/см2, суукка чыдамдуулугу 25 цикл. Блоктордун орточо чыгышы 50%, 1 м3 блоктон 18 м2 каптама такталар чыгат. Мрамордун запасы А категориясы боюнча – 346 миң м3, В – 763 миң м3, Cj – 2018 миң м3, А+В+Ц – 1327 миң м3.