АКАК КИСЛОТАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АКАК КИСЛОТАСЫ, НООС – СН2 – СН2 – СООН - эки негиздүү органикалык кислота. Түссүз кристалл, эрүү t 182,8°С, сууда, спиртте, эфирде эрийт. Күрөң көмүрдө, акак чайырында, өсүмдүктө кездешет. Малеин кислотасын гидрлөөдөн жана акак чайырын кургак буулантуудан алынат. Эки негиздүү кислоталарга мүнөздүү реакцияларга кирет. Акак кислотасы полиэфир чайырларын, боёкторду, инсектициддерди, дары‑дармектерди, кээ бир пластмассаларды, фотоматериалдарды алууда ж. б. колдонулат.