АКАЕВ Аскар

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКАЕВ Аскар (10. 11. 1944‑ж.т., Чүй облусу, Ке­мин району, Кызыл‑Байрак айылы) – Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти (1990–2005); көрүнүктүү илимпоз физик, техника илимдеринин доктору (1981), профессор (1983), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1987), Россия ИАнын анык мүчөсү (2006). 1968-ж. Ленинград так механика жана оптика институтун бүтүрүп, ошол эле институтта улук лаборант, аспирант, инженер, 1972–73‑ж. ФПИде ассис­тент, улук окутуучу, 1973–76‑ж. Ленинград так механика жана оптика институтунда улук илимий кыз­маткер, улук окутуучу. 1976‑жылдан кайрадан ФПИде улук окутуучу, доцент, кафедра башчы­сы болуп иштеген. 1986–87‑ж. Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси, 1987‑ж. Кыргыз ССР ИАнын вице‑президенти, 1989-жылдан президенти. 1989‑ж. Аскар Акаев СССР эл депутаты болуп шайланган. 1990‑ж. 27‑октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында, ал эми 1991‑ж. 12‑октябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөн жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайланган. Өлкөнүн президенти катары республикада алгачкы демократиялык институттардын, жарандык коомдун жана рынок экономикасынын негиздерин түптөөгө олуттуу салым кошкон.

АКАЕВ 132.png

Алсак, КМШ өлкөлө­рүнөн биринчи болуп, Кыргызстанда улуттук валюта – сом киргизилип, «Манас‑1000», «Ош‑3000», Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы БУУнун колдоосу менен белги­ленген. Ошону менен бирге анын башкаруусунун акыркы жылдарында коррупциянын күч алуу­су, өлкөдөгү социалдык‑экономикалык абалдын татаалдашы, өлкөнүн тышкы карызы 2 млрд. доллардан ашып кетиши, өлкөдөгү саясий‑экономикалык кризистин күчөшү 2005‑жылдын 24‑мартындагы окуяга алып кел­ди. Натыйжада Аскар Акаев Кыргызстандан кетүүгө арга­сыз болгон. Илимпоз катары ал эсептегич тех­никаларды жана кванттык радиофизика жаатын­дагы маселелерди чечүүгө арналган жаңы илимий багыттын – оптикалык эсептөө техника тарма­гын негиздегендердин бири. Аскар Акаев 200дөн ашык илимий эмгектердин, анын ичинде 16 монографиянын авто­ру. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1976), Эл аралык Дж. Неру атындагы биримдик фондусунун (1995), Улуу Петр (Россия Федерациясы) ж. б. эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Альберт Эйнштейн атындагы (АКШ), Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалдары менен сыйланган.

Эмг.: Когерентные оптические вычислительные машины. Л., 1977; Оптические методы обработки ин­формации. Учебник для ВУЗов. М., 1998; Переходная экономика глазами физика. Б., 2000; Памятное десятилетие. Б., 2001; Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу. Б., 2002.