АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК – жогорку окуу жайларындагы профессорлордун жетекчилигин­де өзүн-өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу про­граммаларын аныктоо жана ички тартиптер боюнча укуктар; билим берүү жана илимий-изилдөө жагында инсанга берилген өзгөчө укуктардын жана эркин­диктердин топтому. Профессорлорду жана ректор­лорду шайлоо көз карандысыз, сырткы администрациялык бий­ликтин кийлигишүүсүз жүрөт. Жогорку окуу жайлардын про­фессор‑окутуучулар курамына, илимий кызматкер­лерге жана студенттерге төмөндөгүдөй эркиндик­тер берилет: предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көз карашы боюнча түзүү; илимий-изилдөө темаларын тандоо; аларды өзүнүн ыкмалары­нын негизинде жүргүзүү; студенттин өзүнүн жөн­дөмдүүлүгүнө жана муктаждыгына ылайык би­лим алуусу.