АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР – театр өнөрүн өнүк­түрүүдө ийгиликтерге жетишкен театрларга бе­рилүүчү ардак наам. 1909‑жылдан бериле баш­таган. Бул ардак наам алгач Москвадагы Чоң жана Кичи театрларга ыйгарылган. А. Малдыба­ев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет теат­рына (1959), Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улут­тук драма театрына (1971), Кыргыз мамлекеттик орус драма театрына (1989), Ош өзбек драма театры­на (2005) Академиялык театр ардак наамы берилген.