АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТА СҮЗҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТА СҮЗҮҮкайык спортунун бир түрү; спорттук атайын кайыкта жарышуу. Жарышуу үчүн – скиф, үйрөнүү үчүн клинкер тибинде жасалган кайыктар колдону­лат. Академиялык кайык эки калак менен айда­луучу, 1, 2, 4 кишилик жана бир калак менен айда­луучу 2, 4, 8 кишилик болуп бөлүнөт. Кайык­тардын түзүлүшү, формасы жана көлөмү ар кан­дай болушу мүмкүн, бирок ар бир кайыктын учу (мурду) 4 см ак түстөгү резина шары менен жабдылат. Академиялык кайыкта сүзүү спорту 19‑кылымдын 1‑жарымын­да Улуу Британияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1892‑жылы уюшулган. 1900‑жылы олимпиадалык оюндардын, 1962‑жылы дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кыргызстанда Академиялык кайыкта сүзүү боюнча А. Водоватов дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Мелдештер Чүй каналында жана Ысык­-Көлдө өткөрүлөт.