АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ (1980‑жылдан Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги М. М. Адышевдин ысымында) Ош облусунун түндүк-чыгы­шында, Тар жана Гүлчө сууларынын аралыгы­нан орун алган. Терек тоосунан Төө‑Жайлоо ашуусу аркылуу бөлүнүп, түндүк-батышта 110 кмге созулат. Эң жазы жери 50 км. Орточо бийиктиги 3260 м, эң бийик жери 4785 м (Академик Ады­шев атындагы чоку; түштүк-чыгыш бөлүгүндө). Түндүк-ба­тышка карай басаңдайт. Структурасы герцин бүктөлүү мезгилинде түзүлүп, меридиан багытын­дагы көптөгөн тектоникалык жаракалар менен тилме­ленген. Ири тармактары: Кызыл‑Агын, Жыла­ңач‑Таш, Көк‑Булак, Кара‑Сороң, Алдаяр ж. б. Кар, муз каптаган шиш чокулуу, түштүк-чыгышы­на бийик тоолуу гляциалдык же альп, орто жана түндүк-батышына денудация‑эрозиялык, тоо этектерине түрмөктөлгөн жантайыңкы аккуму­ляция рельефи мүнөздүү. Байыркы муз каптоо­нун издери түштүк-чыгыш бөлүгүндө көп кездешет. Түштүк-чыгышындагы бийик бөлүгү – девон жана силурдун сланец, кумдук, конгломерат; орто бөлүгү – бор, юра, палеогендин филлит,

АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ31.png

сери­циттүү сланец, кумдук; жапызыраак түндүк-баты­шы палеоген менен антропогендин кум, чопо, кон­гломерат тоо тектеринен турат. Бийик чокулар­да асылма мөңгүлөр кездешет. Кырка тоого жа­пыз тоолуу‑талаа, орто бийик тоолуу шалбаа­луу‑талаа, шалбаа, бадалдуу токой, бийик тоо­луу субальп, альп, гляциалдык‑нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.