АКАДЕМИК АДЫШЕВ АТЫНДАГЫ ЧОКУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИК АДЫШЕВ АТЫНДАГЫ ЧОКУ ­Академик Адышев кырка тоосунун эң бийик жери. Тоонун түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Ой‑Бала жана Көк‑Суу сууларынын башталышында. Би­йиктиги 4785 м. Капталдары өтө тик келип, мөңгү менен капталган. Чокунун негизин палеозойдун чулу тектери (гранит, гранит‑диорит) түзөт.