АЙ ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙ ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ – Ай жана планеталардын атмосферасын, бетин жана жалпы түзүлүшүн, ошондой эле аларга жакын космос мейкиндигин изилдөө үчүн илимий-изилдөө максатында учурулган космос аппарат-

Ай жана планеталардын жасалма жандоочусу. «Мори­нер‑6» космос кемеси учуруу алдында.

тары. Жерден кийинки биринчи жасалма жандо­оч чыгарылган асман те­лолорунун бири – Ай. Айдын биринчи жасалма жандоочусу – «Луна‑10» автоматтык станциясы 1966‑жылы 31‑мартта учурулган. Ал маалымат бе­рүү мезгилинде Айды 460 жолу айланган. 1971‑жылы Марс менен Жердин улуу тогошуу мезгилинде советтик эки космос зонду «Марс‑2» (19‑майда), «Марс‑3» (28‑майда) жана америкалык космос зонду «Маринер‑9» (31‑майда) учурулган. Айга 1980‑жылга чейин 14 жасалма жандоочусу жеткирилген. Башка планеталардын орбитасына да ар кайсы өлкөлөрдөн жасалма жандоочулар учурулган.