АЙ-ТАМГА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙ-ТАМГА – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Төөлөс айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 33 км батыш тарапта, Кызыл‑Кыя темир жол бекетинен 15 км. Деңиз деңгээлинен 1840 м бийиктикте. Калкы 2 887 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, төрөт үйү, медпункт, чайкана бар. Атынын келип чыгышы кыргыздын бир уруу­суна байланыштуу.