АЙЮБИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙЮБИДДЕР – 12–14‑кылымдардагы Жакынкы Чыгыштагы султандар династиясы. Айюбиддер династиясы 1171‑жылы Египетте шииттердин Фатимиддер династиясы кулатылган соң, Салах‑ад‑Дин Юсуф ибн Айюб тарабынан негизделген жана анын атасы Айюб ибн Шадинин ысмынан аталган. Шарттуу түрдө Айюбиддер Аббасиддердин бийлигин тааныган, бирок мусулман дүйнөсүндө өз бийли­гин толук орнотууга умтулушкан. 1238‑жылы Айюбиддер ич ара чыр‑чатактардын айынан өз алдынча эки ээликке бөлүнүп кеткен. Египеттеги Айюбиддер (теги боюнча курддар) алгач курд аскер башчыларына, кийинчерээк теги түрк мамлюктарга таянып бийлик жүргүзгөн. Египеттик Айюбиддер 1250‑жылы мамлюктар төңкөрүшүнүн натыйжасында бийликтен айрылышкан, ал эми алардын калган бутактары 12–14‑кылымдарда Египетте, Сирияда, Месопотамияда жана Түштүк Аравияда бийлик жүргүзүшкөн. Мамлекеттик башкарууда жана маданий чөйрөдө Айюбиддер иран‑түрк салттарын бекемдешкен.