АЙЫРМАЧ
Jump to navigation
Jump to search
АЙЫРМАЧ – өзү ээрде жүрө албаган 3–5 жаштагы кичинекей бала үчүн жасалган ат жабдыгынын бир түрү. Айырмач кыргыздар көчмөн турмушта жашаган кезде балдарды өңөрбөй өзүнчө атка мингизген жана атта жүрүүгө көндүргөн. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, кайчылаш аштап жасайт, ал ээрдикинен 10–15 см бийик болот.
Бала ооп же ыргып кетпес үчүн айырмачтын капталдарына туурасынан жалпак жыгачтар бекитилип, алар баланы эти оорубагандай тосуп, кармап турат. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөнгү ордуна кийиз же териден кооздолуп жасалган «теминги» болот. Айырмачтын кайчылашып ашталган алдыңкы кашы оймо‑чиймеленип кооздолот. Азыркы мезгилде айырмачты музейден гана көрүүгө болот.