АЙЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙЫР (Acorus) – ароиддер тукумундагы өсүмдүк уруусу, көп жылдык чөп. Тамыр сабагы жоон, сой­лоп өсөт, чачы тамырлуу, жалбырагы ичке кы­лыч сымал, узундугу 1 мге жетет; топ гүлү – сото. Анын 2 түрү белгилүү. Кыргызстанда (Ысык‑Көлдүн чыгы­шында) кездешет. Өзөн, көлмө жээктеринде жана саздарда өсөт. Вегетативдик жол менен көбөйөт. Та­мыр сабагынан эфир майы алынат, ал парфюме­рия, кондитер өнөр жайында, ошондой эле андан алынган дары­лар медицинада боор, өт, бөйрөк жана борбордук нерв системасынын ооруларын дарылоодо колдонулат.