АЙЫЛ ЧАРБА КООПЕРАЦИЯСЫ
АЙЫЛ ЧАРБА КООПЕРАЦИЯСЫ – айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн экономикалык ж. б. керектөөлөрүн канааттандыруу максатында өндүрүштүк же башка чарбалык иш үчүн акчалай бааланган алардын мүлктүк, үлүштүк мүчө акыларын бириктирүүнүн негизинде уюшулган ыктыярдуу бирикме. Кооператив ыктыярдуу негизде түзүлөт жанa мүчөлөрүнүн саны жетиден кем болбоого тийиш. Анын мүчөлөрүнүн жер үлүшү өз менчигинде калат жанa кооперативге ижарага гана берилүүгө тийиш, ошондой эле мүчөнүн үлүштүк акысы кооперативдин фондуна акчалай төгүлөт. Үлүштүк мүчөлүк акы катары мал, айыл чарба техникасы, акчалай наркы бар башка мүлктөрүн кошууга болот. Кооператив ишинин түрүнө жараша өндүрүштүк, кайра иштетүүчү жанa сервистик болуп түзүлүшү мүмкүн. Өндүрүштүк кооперативде айыл чарба продукциялары биргелешип өндүрүлөт. Кайра иштетүүчү кооперативде айыл чарба продукциясы кайра иштетилип, жаңы азык‑түлүк алынат. Сервистик кооператив айыл чарба продукцияларын сатуучу, ошондой эле аны сактоо, сорттоо, таңгактоо, кургатуу, жууп‑тазалоо, бөлүштүрүү, ташуу, мелиорациялык, унаа менен камсыздоо, курулуш, ветеринардык жактан тейлөө, жер семирткичтерди жанa химикаттарды колдонуу боюнча иштерди, илимий-консультациялык, маалыматтык, маркетингдик ж. б. кызматтарды аткарат.
А С. Ажыбеков.