АЙЫЛ ЧАРБА АЗЫК-ТҮЛҮГҮН САКТОО ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА АЗЫК-ТҮЛҮГҮН САКТОО ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ – айыл чарба продуктыла­ры – дан азыктары (буудай, арпа, күрүч, буурчак, күн карама ж. б.), картөшкө, жер‑жемиштер, жа­шылча, мал чарбасынан алынуу­чу эт, сүт кайра иштетилип, ар кандай сапаттагы тамак‑аш түр­лөрүн алуу. Чийки заттар (сы­рье) заводдордо, цехте, фирмада кайра иштетилет. Эттен консерва, кол­баса, чучук ж. б., сүттөн айран, кымыз, сары май, быштак, жа­шылча‑жемиштерден шире, кыям, ар кандай ичимдиктер ж. б. жасалат. Азык‑түлүктү сактоонун шарт­туу эрежелери болот. Дан азыктары атайын дан сактоочу кампада, элеватордо сакталат. Кампа дан төгүлгөнгө чейин тазаланып, ичи жана анда­гы курал жабдыктар аэрозоль же газ менен дезин­фекцияланат. Дан азыктары кампага түшкөнгө чейин жакшы кургатылып, ар кандай кошул­малардан тазаланып, температурасы 10°Сден ашпоо­су зарыл, төмөнкү температурада дан азыктарынын дем алуусу, микроорганизмдердин өөрчүшү тө­мөндөйт. Үрөндүк арпа, буудай капта сакталат. Төмөнкү температуpa картөшкө, жашылчаны сак­тоочу жайларда сактоо мөөнөтүн узартууга шарт түзөт. Эт, сүт тез бузулуучу азык болгондуктан сакталуу мөөнөтү чектелүү, ошондуктан сөзсүз муздаткычта сакталышы керек.

                                                                                            Ж. М. Мааткеримова.