АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ – айыл чарба тармагын тейлөөчү материалдык‑техникалык жабдуулар комплекси. Ал башка тармактарга, мисалы, жол, байланыш, электр, маданий тейлөө ж.б‑га көз каранды. Арналышы боюнча эки багытка (өндүрүштүк жана социалдык) бөлүнөт. Өндүрүштүк Айыл чарба инфраструктурасы – айыл чарба өндүрүшүн камсыз кылуучу тар­мактардын жана мекемелердин жыйындысы (электр, жылуулук, газ, сактоочу, муздатуучу жайлар жана айыл чарба продукцияларын ташууну кам­сыз кылуу). Социалдык Айыл чарба инфраструктурасы – социалдык-маданий шарттарды камсыз кылууга багытталган меке­мелердин, курулуштардын жыйындысы. Айыл чарба өндүрүшү үчүн социалдык инфраструктураны кам­сыз кылуу өтө маанилүү. Анткени, айыл же­ринде туруктуу эмгек жамааттарынын түзүлү­шү жана калыптанышы, адистердин иштеп ке­тиши социалдык инфраструктурага байланыштуу.