АЙЫЛЧИЕВ Асанбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛЧИЕВ Асанбек (21. 2. 1930, Чүй облусу, Сокулук району, Октябрь айылы – 10. 9. 2003, Бишкек) – педагог, физика‑математика илимдеринин кандидаты (1972), профессор (1991). КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). Кыр­гыз мамлекеттик университетинин физика‑математика факультетин бүтүргөн (1953). Ош педагогикалык институтунун математика кафедрасынын жана В. В. Маяковский атындагы Кыр­гыз кыз‑келиндер педагогикалык институнун математиканы окутуу методикасы кафедрасынын улук окутуу­чусу (1953‑57), кафедра башчысы (1960‑76), педагогикалык факультеттин деканы (1976‑97) болуп эмгектенген. 100дөн ашык илимий эмгектердин, окуу китептери­нин автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сый­ланган.