АЙТЫМ КҮҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙТЫМ КҮҮЛӨР – комуз күүлөрүндөгү ири жанрдын бири. Аткаруучу чыгарманын мазму­нун айтып, маанисин чечмелеп, ыр, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат жанa тууроо сыяк­туу каражаттарды колдонуу менен комуздун жана кылкыяктын коштоосунда аткарат. Айтым күүлөргө жо­мок‑дастан күүлөр, тамсил күүлөр кирет. Айтым күүлөр акындардын репертуарынан да кезигет. Өзгөчө Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай, Жан­такпай, Эркесары сыяктуу атактуу комузчулар­дын репертуарында жанa чыгармаларында (мис., Ныязаалынын «Кара өзгөй», Токтогулдун «То­гуз кайрык», Атайдын «Ак тамак, Көк тамак», Эркесарынын «Сары барпы» ж. б.) айтым күүлөр не­гизги орунду ээлеген.

Б. Алагушов.