АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкулович
АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкулович (12. 12. 1928-жыл, Талас облусу, Кара‑Буура району, Шекер айылы – 10. 6. 2008-жыл, Бишкек шаары) – жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл жазуучусу (1968), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1974), Кыргыз Эл Баатыры (1997), Кыргыз ССРинин Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа илимдер, искусство жана адабият академиясынын
анык мүчөсү (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), «Ысык-Көл форумунун» президенти, Австрия, Австралия, АКШ, Индия, Италия, Түркия, Япония, Россия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Жамбыл шаарындагы зооветтехникумду (1946), Фрунзе шаарындагы К. Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1953) бүтүргөн. 1953–1956‑жылдары Кыргыз мал чарбачылыгы илимий-изилдөө институтуна (КирНИИЖ) караштуу асыл тукум заводунда зоотехник болуп иштеген. 1956–1958‑жылдары Москвадагы Жогорку адабий курстун угуучусу, 1956–1960‑жылдары «Литературный Киргизстан» журналынын редактору, 1960–1965‑жылдары «Правда» гезитинин өз кабарчысы, 1965-жылдан Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы, 1986–1991‑жылдары Кыргызстан Жазуучулар Союзунун төрагасы, 1990‑жылы Москвадагы «Иностранная литература» журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991‑жылдан элчилик кызматта (1991‑жылдан СССРдин, 1992–1993‑жылдары Россиянын Люксембургдагы, 1994‑жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси).
Атасы Төрөкул Айтматов өз мезгилинин билимдүү адамы, көрүнүктүү коомдук ишмер, сталиндик режимдин курмандыгы болгон. Энеси Нагима Хамзеевна 1920–30‑жылдары Кыргызстандагы сабатсыздыкты жоюу, билим берүү иштерине өз үлүшүн кошкон. 1935‑жылы атасы Москвадагы Кызыл профессура институтуна окууга жөнөтүлгөндүгүнө байланыштуу Ч.Айтматов башталгыч класстын эки окуу жылын ошол жерде окуп калат. 1937‑жылы атасы камакка алынгандан кийин Талас облусундагы Шекер айылына кайтып келишет. Жазуучунун балалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун катаал мезгилине туш келген. Ал 14 жашында айылдык советтин секретары болуп иштейт. Согуш мезгилинде алган турмуштук сабактар жазуучунун дүйнөгө көз карашынын, позициясынын, түшүнүгүнүн калыптанышына катуу таасир бергени талашсыз. Эстен кеткис бул катаал күндөр кийин жазуучунун чыгармачылыгында системалуу көркөм чагылышка ээ болду. Жазуучунун эскерүүлөрүнө караганда чыгармачылыкка болгон кызыгуунун алгачкы учкундары Жамбылдагы техникумда окуп жүргөн учурунда эле пайда болгон. Адегенде ыр жазууга ышкыбоздонот. Техникумдун мугалими А. В. Штубендорф Ч. Айтматовдун ырларын окуп көрүп, жаш талапкерден өз күчүн прозадан да сынап көрүшүн өтүнөт. Ал кыргыз адабиятында согуш темасында жакшы чыгармалар жаралбай жаткандыгына кабатырланган. Айыл чарба институтуна келип киргенден кийин М. Бубеновдун «Ак кайың» романын, В. Катаевдин «Полктун уулу» повестин которууга киришет. Котормолорун басмага алып барса, бул чыгармалардын которулуп калгандыгын билдиришет. Бирок бул ордунан чыкпаган аракет, котормочулуктан алган алгачкы тажрыйба адабий турмушка болгон жандуу кызыгууну жараткан. Анын терминология, көркөм котормо проблемаларына байланыштуу макалалары («Орусча‑кыргызча сөздүк жөнүндө», 1951; «О терминологии киргизского языка», 1952; «Перевод далекий от оригинала», 1953) жарык көргөн. Согушту жектөө жана тынчтыкты жактоо темасында жазылган «Газетчи Дзюйо», «Ашым» (1952), «Сыпайчы» (1953) аттуу алгачкы аңгемелери орус тилинде жарыяланат. Жазуучу чыгармачылыгынын башталышында кыргыз жана орус тилдерин катар алып жүргөндүгүн анын гезиттик макалаларынан, аңгемелеринен байкоого болот. 1954‑жылы окурмандар орус тилинде «На богаре» аттуу аңгемеси жана ага удаа эле кыргыз тилинде «Ак жаан» (1955), «Асма көпүрө», «Түнкү сугат» аттуу аңгемелери менен таанышат. Гезиттик маалыматтардын, китептик таасирлердин негизинде жазылган алгачкы аңгемелери адабий коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура албаганы менен улам кийинки чыгармаларынан жаш автордун чеберчилик жактан тездик менен өсүп, жетилип бара жаткандыгы байкалат. Жаш жазуучунун аңгемелери 1956‑жылы Кыргызстан Жазуучулар Союзунун пленумунда жогору бааланат. Адабиятчы К. Асаналиев «Кыргыз аңгемесинин айрым маселелери» деген темада жасаган докладында Ч. Айтматовдун «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аңгемелерине токтолуп, аңгемечи катары аны сөзгө сараң жазуучу экендигин, кыргыз аңгеме жанрына сюжет түзүү, образдарды шөкөттөө жаатында жаңылык алып келгендигин айгинелейт. 1956-жылы жазуучу үчүн үч эсе кубанычтуу жыл болду: репрессияланып курман болгон атасы акталат, Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө өтөт, айрыкча Москвадагы СССР Жазуучулар Союзунун алдындагы Жогорку адабий курска кабыл алынышы жазуучунун адабий‑эстетикалык көз карашынын кеңейишине, тубаса табигый таланттын адабий‑теориялык билим менен ширелип байышына өбөлгө түзөт. СССРдин булуң‑бурчунан келген жазуучулар менен чыгармачылык байланыштар чыңалат. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы 1950-жылдардагы коомдун саясий, маданий турмушундагы күрдөөлдүү жаңылыктар, прогрессивдүү шарт‑жагдайлар менен коштолду. Сталиндик бийликтин аякташынан, жеке адамга сыйынуучулуктун сынга алынышынан кийин көркөм чыгармачылыкты конфликтсиздик «теориясынын», сындагы вульгардык‑социологиялык тенденциялардын четке кагылышы адабий‑маданий турмушта жакшы таасир берген. Жазуучуга алгачкы чыгармачылык ийгиликти «Бетме‑бет» (1957) жана «Жамийла» (1958) повесттери алып келген. Бул повесттер жарык көрөрү менен адабий коомчулук кыргыз адабиятындагы жаңы көрүнүш катары баа берип, окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынган. «Бетме‑бетти» жазуучу чыгармачылык жолунун чыныгы башталышы, «адабий дебюту» катары атайт. Адабий дебют бул жерде жазуучунун чыгармачылыктагы өз чыйырын табуусу, алгачкы саамалык, ийгилик маанисинде айтылып жатат. Бирок бул башталышты жалаң эле Айтматовдун жеке ийгилигинин эмес, улуттук
көркөм адабиятыбыздын өнүгүшүнүн жалпы табиятындагы жаңы сапаттык бурулуш катары туюу керек. Буга чейин кыргыз прозасында жалпы сүрөттөө үстөмдүк кылып, көркөм образ статикалуу, поэтикалык ой экстенсивдүү формада өнүктүрүлүп келсе, «Бетме‑бетте» чыгарманын идеялык‑тематикалык мазмуну каармандын ички дүйнөсүндөгү диалектикалык карама‑каршылыктарды иликтөө менен тыгыз карым‑катышта өнүктүрүлөт. Повесттеги сюжеттик конфликтти чечүүдө, борбордук идеялык‑көркөмдүк максатты ишке ашырууда Сейденин образы биринчи планда турат. Турмуштук кыйчалыш кырдаалга тушуккан Сейде эки жээктин – эл менен элбезер Ысмайылдын ортосунда чабалактоого аргасыз болот. Сейденин образынын драматизмин, психологиялык тереңдигин көркөм реалисттик планда ачып берүү чындыгында да жазуучунун, аны менен бирге кыргыз прозасынын алгачкы уюткулуу ийгилиги болду. Башкы каарман Ысмайылдын образын тереңдеткен кошумча бөлүк 1990‑жылы окурмандарга тартууланды.
«Жамийла» – жазуучунун атын алыска тааныткан чыгарма. Повесть алгач «Обон» деген ат менен жарык көргөн. Орус тилинде «Новый мир» журналына (1958, № 8) жарыяланат. Окуянын сюжетинин ушундай маанайда, лирикалык романтикалык стилде баяндалышынан улам повестти адабиятчылар «кара сөздөгү поэзия» же «прозадагы ыр» деп атап жүрүшөт. Повестти алгачкылардан болуп казак адабиятынын классиги, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу М. Ауэзов жогору баалап, жазуучуга ак жол каалайт. Француз жазуучусу Луи Арагон повестке «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деп баа берип, француз тилине которуп, ал 1959‑жылы Парижден өзүнчө китеп болуп жарык көрөт. Повесттин мазмундук өзөгүн түзгөн тема – сүйүү темасы. Адамдын турмушка, элге, жерге, жашоого, руханий сулуулукка болгон чексиз сүйүүсү патриархалдык салт‑санаа, түшүнүк үстөмдүк кылган чөйрөдөгү үй‑бүлө түшүнүгүнө аялдык «мендин» кайчы келиши сыяктуу маселелер менен тыгыз байланышта чечмеленет. Мүнөзү түнт, адамга ыгы жок, атүгүл айрымдарга маңыроо көрүнгөн Даниярдын терең жана кенен ажайып кооз дүйнөсү; бул дүйнөнүн көзгө ысык, көңүлгө сүйкүм элесин батырган, уккан адамды ошол сүйкүмдүү, ошол жакындыкты барктап‑баалоого, улуулукту туя билүүгө чакырган, кыялды толкутуп, турмуштун көркүн сезүүгө талпынткан керемет обону биринчи иретте Жамийла менен өспүрүм Сейит экөөндө турмушка карата күчтүү, жаратман, активдүү сүйүүнү ойготту. Бул жан дүйнөсү жакын, сезимтал адамдардын рухунун бири‑биринен от алышып тутануусу эле. Чыгарманын акырында сүрөтчү болууну чечкен лирикалык каарман Сейит «Алардын айылдан кеткендегисин эстегенде жүрөгүмө кайрат толуп, мен дагы ошолор сыяктуу өз таалайым үчүн кыйын жолго чыгууга тайманбай бел байладым» дейт. Повесть жарык көргөндөн бери Жамийланын Садыктан кетишине байланыштуу карама‑каршы пикирлер айтылып келет. Ушул жагдайда түрк адабиятчысы Рамазан Капландын оюн келтирүү жетиштүү: «Чыгармада күйөөсүн таштап кеткен аялдын, Жамийланын чечимин биздин күндөлүк жашообузда же дүйнөгө болгон көз карашыбызда адегенде кабыл албасак да, чыгарманын акырында ага ынанабыз. Эгерде Жамийла чыгармада өзү тандаган кишиси, Данияры менен кетип калбай, күйөөсү менен калып жашоосун улантып, сүйүүсүн билдирбей жүрсө, анда ал рухунда, жүрөгүндө өзүн да, күйөөсүн да алдаган болор эле, башкача айтканда күйөөсү менен жашоосу жалган жашоо болмок. Ошондуктан чыгарманын мындай бүткөнү Жамийланын адамкерчилиги менен бийик инсандык аброюна каршы келбейт». Бүгүнкү күндө «Жамийла» дүйнөнүн 150дөн ашык тилдеринде жарык көрдү. Жазуучунун «Делбирим», «Бото көз булак», «Биринчи мугалим» (1961) повесттеринде, «Кызыл алма» (1964) аңгемесинде нравалык‑этикалык проблемалар андан ары тереңдетилип, өнүктүрүлөт. «Саманчынын жолу» (1963) повестинде жазуучу Адам менен Жердин өз ара сүйлөшүүлөрү сыяктуу шарттуу ыкманы чеберчилик менен колдонгон. Жер‑Эненин образы, аны менен диалог куруу жазуучуга Адам‑Эненин, Толгонайдын, тынчтыкты, бейпил турмушту сүйгөн, балдарынын амандыгын каалаган эненин эң жөнөкөй жана ыйык тилегин жалпы адамзаттык деңгээлде айтуу үчүн керек болгон. Жер-Эне адамзаттын чектелген көз карашын жоюуга жана согуш жашоонун түп мыйзамына каршы экендигин бекемдеп түшүнүүгө жардам берет. «Саманчынын жолунда» адам бекем эрки жана кайраты, жашоого болгон сүйүүсү менен улуу жана сыймыктуу деген идея даңазаланат.
«Гүлсарат» (1966) социалдык планда өтө курч жазылган этаптуу чыгарма. Ушундан баштап жазуучунун чыгармаларынын идеялык‑эстетикалык мазмуну курч социалдык мүнөзгө ээ боло баштаган. Жазуучунун өз сөзү менен айтканда, мында «улуттук турмуштун олуттуу проблемаларын чагылдырууга, социалдык конфликттердин, карама‑каршылыктардын түпкү маңызын иликтөөгө аракет көрүлөт». Чыгарманын башкы каарманы Танабай Бакасовдун өмүр‑тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры менен бирдикте сүрөттөлөт. Ак ниет коммунист Танабайдын каршысында мансапкор партиялык жетекчилер Кашкатаев, Сегизбаев, Алданов, Ыбырайымдын образдарын жаратуу менен Айтматов кыргыз адабиятындагы, дегеле совет адабиятындагы традициялуу көрүнүшкө айланып калган коммунист жетекчинин идеалдаштырылган образы тууралуу окурмандардын иллюзиясын бузду. «Доордун акылы, ар‑намысы» деп эсептелген партиянын жетекчилерин терс кайрык менен сүрөттөөгө ал учурда ар бир эле жазуучу батына албайт эле. Ч. Айтматов райкомдун биринчи секретары Кашкатаевдин жана советтик мыйзамдуулукту, коргоочу райондук баш прокурор Сегизбаевдин образын, партбюронун жүрүшүн сүрөттөө аркылуу бет пардасын сыйрып, алардын культка айлантылган партиялык абройго жашырылган чыныгы жүзүн ачып берет. Жазуучу ушул повестинен тартып элдик мурастарга көбүрөөк кайрыла баштады.
«Ак кеме» (1970) повестинин идеялык‑тематикалык мазмунунун борбордук түйүнү Мүйүздүү Эне жөнүндөгү жомокко барып такалат. Чыгармада реалдуу турмуш, реалисттик образдар мифологиялык‑жомоктук сюжет менен жанаша жашап, жуурулушуп, өтмө катар байланыштагы өзгөчөлүктүү композициялык курулушка ээ болгон. «Ак кемедеги» Мүйүздүү Эне бул жайынча айтылган жомок же корукка адашып келип калган реалдуу бугу эмес, ал баарыдан мурда ата‑бабадан келаткан ыйык мурас, символ, ыйык эненин элеси. Өз жомоктору менен Баланын жан дүйнөсүнө аруулуктун үрөнүн сепкен Момун карыя өз
жомогун кыйратып, «Бугу Энеге» кол көтөрүүгө аргасыз болот. Окурмандарды күйгүлтүккө түшүрүп, сынчыларды талаш‑тартышка салган негизги маселе – баланын адамдар арасында жашагысы келбей «балык» болуп сүзүп кетүүсү. Айрым рецензенттер повестти адамды көңүл чөгөт кылчу пессимисттик чыгарма катары таанышты. Акыры талкууга автор өзү да аралашып өз концепциясын, адабияттагы трагизм маселесине карата принципиалдуу пикирин билдирди («Необходимые уточнения». Лит. газета, 1970, 28‑январь).
Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесинен алып «Эрте жаздагы турналар» (1973) аттуу лирикалык‑романтикалык стилдеги повестин жараткан. «Манас Атанын ак кар, көк музу» (1975) аттуу автобиографиялык очеркинде повесттеги «Аксай десанттары»: Анатай, Эркинбек, Эргеш, Кубаткул өзүнүн классташ курбулары экендигин баяндайт.
«Деңиз бойлой жорткон Аладөбөт» (1977) повести алыскы Охота деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушунан алынып жазылган. Албетте, жазуучунун негизги максаты нивх элинин социалдык‑тарыхый абалын, салт‑санаасын, үрп‑адатын, тиричилик эрежелерин сүрөттөө эмес. Повесть – Улуу Деңизде Улуу Туманда калган аңчылардын адамдык улуулугу жөнүндөгү чыгарма. Повесттин башкы каармандары жаратылыш стихиясын өзүлөрүнүн бийик адамкерчилик сапаты, келечек муундун камын көргөн айкөл акылмандыктары менен жеңип чыгышат. Орган карыя, Мылгун, Эмрайиндин курмандыгынын акыбети кайтып, Кириск аман‑эсен Аладөбөткө кайтып келет. Кирисктин аман калышы ошол адамдардын улуулугунун өчпөс жылдызга, өмүр бою коштоп жүрчү жаңы ырдын жаралышына айлануусу болду.
Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» (1980) романы өзүнүн идеялык‑тематикалык багыты, сюжеттик‑композициялык түзүлүшү б‑ча «Гүлсарат» повестине жакын. Танабай Гүлсары жорго менен акыркы сапарда баратып, күнү бүтүп, суусу түгөнгөн эсил жоргонун башында отуруп өткөн күндөрдү эскерүүсү аркылуу сюжеттик окуялар ретроспективдүү планда өнүктүрүлсө, «Кылым карытар бир күн» романында да көпчүлүк окуя бороондуу бекеттин темир жол жумушчусу Казангаптын кайтыш болгон саатынан аны жайына койгонго чейинки мезгил аралыгындагы Едигейдин эскерүүсү аркылуу баяндалат. Романда жазуучу алгач реалисттик сюжет менен катар фантастикалык сюжетти пайдаланат. Ошондой эле чыгармада миф, легенда, уламыштар жыш пайдаланылат, ошол себептүү автор романын «Сары-Өзөк метафоралары» деп мүнөздөйт. Чыгармада үч катмарлуу мезгилдик алкакты: өткөн чак, учур, келечек; үч катмарлуу мейкиндик алкакты: аалам баткан адамдын башы, Эне‑Бейит коругу жана Жер планетасынын катышын, өзгөчө байланышын көрөбүз. Ошондой эле чыгарма көркөм ой жүгүртүүнүн үч тибинин: мифологиялык-фольклордук, фантастикалык жана реалисттик синтезинен турат. Бул үч башка мезгил – мейкиндик алкак, көркөм ой жүгүртүүнүн үч тиби бөлүнбөс бир бүтүн организм сыяктуу бир сюжеттик өзөккө, системага бириктирилген. Биринчи мейкиндик алкак – Найман эненин уулу Жоломандын маңкуртка айланышы, кесепеттүү шириге кысылган баш. Сюжет чыңалып, өнүккөн сайын ал окуя мезгилдик жактан берилеп, маани‑масштабын кеңейтет. Экинчи мейкиндик алкак – бул кирүүгө тыюу салынып, темир корукка алынган Эне‑Бейит көрүстөнү, ата‑бабанын сөөгү жаткан ыйык жай, ошондой эле элдин өткөн тарыхынын эскерткичи, символу. Ага карата жолдун жабылышы элдин, улуттун өткөн тарыхына жолдун жабылышы деген маани менен барабар. Кесепеттүү ширинин айынан өз энесине кол көтөргөн Жоломандын кайгы‑касирети менен өткөн тарыхы «корукка» алынып, четте өскөндүктөн, ата‑баба мурасына маңкурттай эле мамиле кылган урпактын иш‑аракети өз ара үндөш мазмунга ээ болот. Казангаптын керээзин орундата албай, Эне‑Бейитти жок кылабыз дегендерге жана терсаяк Сабитжанга ата‑бабанын сөөгү жаткан ыйык жайды, Эне‑Бейитти коргоп калуунун зарылдыгын түшүндүрө албай айласы куруп Эдигей Сабитжанга «Маңкуртсуң, маңкурттун маңкурту сен экенсиң» деп жаны кашайып каргап да, аяп да сүйлөнөт. Үчүнчү мезгил‑мейкиндик алкак – ширинин бир түрү, жер үстүндө жасалып жаткан космостук ракеталык кырчоо эле. Жерде Казангаптын сөөгүн коюуга байланышкан окуялар өтүп жаткан тапта Жерге башка планетадан, космостон бөтөн цивилизацияны өткөрбөс, келтирбес үчүн «Кырчоо» операциясы ишке кирет. Бул биринчиден, фантастикалуу болсо, экинчиден, ал аркылуу кыйыр түрдө мамлекеттер аралык, анын ичинде советтик системанын өзгөчө саксынган саясаты сындалгандыгын байкоого болот. Ар кандай чектөө чектелүүнү жаратат. Социалисттик тоталитардык бийлик учурунда Ч. Айтматов чыгармаларында ачык айтууга мүмкүн болбогон ойлорун канчалык каймана көркөм ыкмаларга салып айтпасын, оюн каалагандай толук айталбай мүмкүнчүлүгү чектелген. 1990‑жылы «Кылым карытар бир күн» романына кошумча бөлүм катары «Чыңгызхандын ак булуту» роман‑повестин жазган. Мында Эдигейдин мээ чарчаткан суроо‑ойлорунун маанилүү бир бөлүгүн түзгөн, татаал мезгилдин курмандыгы болгон Абуталиптин тагдыры кеңири берилет, ошондой эле ушул реалдуу турмуш картинасы менен катар дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгызхандын трагедиясы тууралуу легенда параллель баяндалып, бийлик жана инсан проблемасы ар тараптуу көркөм интерпретацияланат. Романдагы маңкуртчулук темасына байланыштуу линия кийинки чыгармаларында да уланат. «Кыямат» (1986) романында адамдын башын айлантып, аны өз ыйманынан жат кылып, маңкуртка айландырып жаткан социалдык көрүнүштөр: наркомания, тоталитардык идеология, динден безүү сындалат. «Кыямат» советтик социалисттик системанын ыдыроосунун алдында, «кайра куруу», «айкындуулук» деп аталган мезгилде жазылып, жарыкка келди. «Кыямат» – ар кандай социалисттик системанын догматикалык принциптерин, идеологиялык, коомдук саясий сенектикти айыптаган көркөм чыгарма. Романдын сюжеттик композициялык курулушу жазуучунун мурдагы чыгармаларынан кыйла татаал. Автор романды жазуудагы идеялык‑көркөмдүк максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн 20‑кылымдын акырындагы реалисттик романдын карамагындагы мүмкүн болгон конструктивдик каражаттардын баарын пайдаланган. Белгилүү адабиятчы Г. Гачев романга мистерия да, притча да, турмуш да, айбанаттар жөнүндөгү эпос да, философиялык диалог да, реалисттик баяндоо да катышкан «синкреттүү китеп» деп аныктама берет. Ушул романдан тартып жазуучунун чыгармачылыгында поэтикалуулук менен публицистикалуулук, философиялуулук, эриш‑аркак түзгөн синкреттүүлүк туруктуу мүнөзгө ээ болду.
Жазуучу романында көркөм образдар системасы аркылуу өзү жашап жаткан коомдун ички карама‑каршылыгы курчуп чегине жеткендигин, тоталитардык социалисттик системанын акыр заманы келгенин, жеке карама‑каршылыктардан майнап чыкпастыгын Авдий, Бостон сыяктуу каармандардын мисалында көргөзүү менен жалпы коомчулук ар кандай кыйынчылык, азаптарга чыдап, тобокелге баруу, иштиктүү өзгөртүүлөрдү, аракеттерди жасашы керек экендиги жөнүндөгү идеяны айткан.
Маңкуртчулук темасы жазуучунун «Кассандра тамгасы» романында да улантылат. Романдын каарманы, өз тегин билбеген Андрей Крыльцов аз жерден иксроддорду жарыкка чыгарып жибербей калды. Иксрод – бул маңкуртчулуктун жаңы «өнүктүрүлгөн» тиби. Алар 21‑кылымдын идеологиясынын «рыцарлары» болушмак. Теги жок иксроддордун жаралышынын саясий мааниси бар эле, алар мамлекет үчүн кандай гана көрсөтмө болбосун
идеалдуу иш жүзүнө ашыра турган армияны түзүп бермек. Ал эми романдагы «ата‑энелүү» кассандро‑эмбриондордун туулбай жатып жашоодон баш тарткысы келгендиги аркылуу автор социал.-нравалык экологиянын бузулуп, коркунучтуу чекке жакындап баратканына тынчсызданат. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына социалдык, философиялык мазмундуулук мүнөздүү. Жазуучунун түзгөн каармандары канчалык конкреттүү, индивидуалдуу мүнөзгө ээ болбосун, сюжет канчалык каармандын жеке инсандык, пенделик өмүр тагдырын ачып берүүгө багытталбасын, канчалык конкреттүү мезгил өлчөмү бутага алынбасын, алар ошончолук типтүү, кеңири масштабдуу, мезгил, мейкиндик жактан чексиз. Жазуучунун стилдик өзгөчөлүгүнө байланыштуу өтө айкын көрүнгөн туруктуу касиеттер – биринчиден, жазуучунун мифологиялык‑фольклордук материалдарга, экинчиден жаныбарлардын образдарына көп кайрылгандыгында, кеңири пайдалангандыгында. Ар бир жаңы чыгармасында жаңы горизонтторду
ача билген жазуучу «Сардал кыз» (2006) романында рыноктук мезгилдеги коомдук турмушту жаңы замандын каармандарынын өз ара мамилелериндеги, мүнөздөрүндөгү байкалган типтүү көрүнүштөрдү көркөм изилдөөнүн объектисине алат. Жазуучунун буга чейинки чыгармаларын кызыл сызык менен тепчип өткөн, алардагы коюлган проблемалардын борбордук негизин түзүп келген «Канткенде адам уулу Адам болот?» деген суроону чечмелөөдө окуя башкы каарман – эркин журналист А. Саманчиндин айланасына топтоштурулат. Руханий кризистик абалга кептелген А. Саманчиндин жашоо‑турмушуна «Сардал кыз» легендасы жандуу мазмун кийирип турат. Каармандын сүйүү драмасы элдик уламыш ж‑a Жаабарс жөнүндөгү баян менен коштолуп, универсалдуу поэтикалык философиялык мазмунга ээ болот.
Ч. Айтматовдун көпчүлүк чыгармаларында кандайдыр бир күчтүү жаңырыктаган чакырык үндүн катышын байкоого болот. Бул өзгөчө «Гүлсаратта» Бозингендин ботосун издеп (акыйкатсыздыкка жооп издеп) боздогон үнү, «Саманчынын жолунда» уулунун ордуна темир жолду кучактап, согушка наалат айткан эненин үнү, «Кылым карытар бир күн» романында Дөнөнбай куштун үнү, «Кыяматта» Акбаранын айдагы Бөрү‑Энеге даттанып улуган үнү, «Кассандра тамгасында» «Мен туулгум келбейт, келбейт, келбейт...» деп берилген белги аркылуу жаңырыктаган кассандро‑эмбриондордун «үнү», башкача айтканда, «Сардал кыз» романында эки түрдүү жаңырык үн катышат, анын бири түгөйлөш жары болчу сүйгөнүн издеген колуктунун - Сардал кыздын үнү, экинчиси Сергейдин акыл‑эсинде жаңырыктаган «Өлтүр! Өлтүрбө!» деген үндөр. Бул үндөрдүн чыгарманын идеялык‑тематикалык мазмунун терендетүүдө жанa эмоционалдык‑экспрессивдик планда өтөгөн кызматы зор. Сардал кыздын чакырык үнү – сүйүүнү таза сактоого, урматтоого, ыйык тутууга, коргоого болгон чакырык. Жазуучу Сардал кыздын образын романда мурдагы чыгармаларындагыдай эле идеялык‑поэтикалык концепция, образ‑концепция, образ‑символ, образ‑эскерткич, образ‑үлгү катары пайдаланган.
Ч. Айтматов публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң чебери. Жазуучунун ар кайсы жылдары жарык көргөн макалаларынын топтомдорунан түзүлгөн «Жер, суу менен авторлошуп» (орус тилинде), «Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат» (кыргыз тилинде) жыйнактары тематикасынын кызыктуулугу, проблеманы терең ачып бере билүү чебердиги менен окурмандарды көркөм
жанрдагы чыгармаларынан кем эмес өзүнө тартып турат. Япон философу Д. Икэда менен «Рухтун улуулугуна таазим ыр» (1993), казак акыны жана коомдук ишмер М. Шаханов менен «Жар боюнда боздоп калган аңчынын ыйы» (1996) аттуу диалогдору жанa казак драматургу К. Мухамеджанов менен бирге «Фудзиямадагы кадыр түн» (1973) драмасы да бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемалары, дегеле турмуштук ар кандай көрүнүштөр зор философиялык тереңдикте, турмуштук‑фактылык ынанымдуулукта көркөм чагылдырылган баяндар. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабиятыбыз үчүн эле эмес, искусствобуздун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди. Анын чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфония, балет‑ораториялар жазылды, көркөм сүрөт искусствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театр спектаклдери, кинофильмдер коюлду. Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктерден. Анын чыгармалары дүйнөнүн 127 өлкөсүндө, 176 тилинде которулуп, бир нече ирет чоң тираж менен (2005‑жылы жалпы саны 76,5 млн. нуска) кайталап басылган. «Айтматов таануу» илими пайда болуп, ушу кезде дүйнөлүк адабий процессте кеңири изилденүүдө. 1989‑жылы Бишкек шаарында эл аралык Айтматов клубу түзүлгөн. Анын Кыргызтандык жанa чет өлкөлүк мүчөлөрү белгилүү илимпоздор, журналисттер, адистер жана башкалар. Клубдун жобосу, секциялары, адабият, көркөм өнөр жанa маданият жагындагы эл аралык сыйлыгы бар. 1992‑жылы Бишкекте коомдук Айтматов таануу институту, «Айтматов чыгармаларынын китепканасы» жанa Эл аралык коомдук айтматовдук академия уюштурулган.
Ад.: Произведения Чингиза Айтматова и литература о нем на иностранных языках. Библиографический указатель. Ф., 1979; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 2 томдук. Ф., 1987, 1990; Акматалиев А. Чингиз Айтматов: жизнь и творчество. Б., 1991; Асаналиев К. Чыңгыз Айтматов: кечээ жана бүгүн. Б., 1995; Ибраимов К. Миф и миропонимание в гуманистической философии Чингиза Айтматова. Б., 1998; Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармалар жыйнагы. Б., 1999; Асаналиев К. Шекер и космос. Ч. Айтматов: художественная семантика образов. Б., 2001; Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 томдук. Б., 2002. 7‑том; Ахмет Сарыгул. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын Түркияда кабылданышы. Б., 2003. А. Акматалиев, А. Кадырмамбетова.