АЙТАЛИЕВ Мухтар Суеркулович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙТАЛИЕВ Мухтар Суеркулович (1956-жылы туулган, Талас облусу, Манас району, Покровка айылы) – медицина илимдеринин доктору (2015). КММИни бүтүргөн (1980). Эмгек жолун И.К.Ахунбаев атындагы клиникалык хирургиялык госпиталда врач-интерн болуп иштеп баштаган. Бишкек шаарындагы № 2 ШКОдо врач-анестезиолог; Н. Н. Петров атындагы онкология ИИИде (Москва шаары) клиникалык ординатор; Кыргыз онкология жана радиология ИИИде врач-ординатор, бөлүм башчы; РМИА Н. Н. Блохин атындагы онкология РОИБда (Москва шаары) врач-стажер; КРдин саламаттык сактоо министрлигинин ОУБда врач-ординатор, онкоурология бөлүмүндө врач. Анын 49дай илимий эмгектери, анын ичинен 1 монография, 1 окуу куралы жарык көргөн.

Эмг.: К проблеме регионального метазтазирования рака проксимального отдела желудка// Медицинские кадры ХХ века.–Б., 2011.–№4.–С. 38-43. Оценка травматичности стандартных и расширенных оперативных вмешательств при раке проксимального отдела желудка// Хирургия.– М., 2005.– № 3. –С. 23-26.