АЙРЫ КУЙРУКТАР
Jump to navigation
Jump to search
АЙРЫ КУЙРУКТАР (Milvus) – жырткыч куштардын карчыгалар уруусу. Узундугу 70 смге чейин. Куйругу кыска, учунун ортосу оюк (аты ушундан); 2 түрү бар, алар Евразия, Африка жанa Австралияда кездешет; Кыргызстанда тоолордо жана өрөөндөрдө таралган. Тарп жанa майда кемирүүчүлөр, куштар, кескелдириктер менен азыктанат. Жаратылышты тарптардан тазалоочу куш. Айры куйруктардын чоң топтору жазында жанa күзүндө учуп өтүшөт. Уясын токойлуу тоодогу бийик дарактарга же аскаларга салат. 2‑3 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат.