АЙЛАНМА КАПИТАЛ
АЙЛАНМА КАПИТАЛ – өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражаттары; Айланма капитал туруктуу капиталдын (сырьё, материалдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) жана өзгөрулмө капиталдын элементтеринде жүзөгө ашырылат. Айланма капитал наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги жана айланма болуп бөлүнүшү өндүрүш капиталына тиешелүү жана жүгүртүү капиталына (товардык жана акча) кирбейт. Айланма капиталды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары К. Маркс ачкан. А. Смит аны товардык же соода капиталы катары караган. Д. Рикардо айланма капиталын жумушчу күчүн сатып алууга жумшалган чыгымга окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы айланма капитал түшүнүгүн бөлүп карабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капиталы менен катар жүгүртүү, товардык жана акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк активдерди түшүндүрөт.
Айланма каражаттар.