АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН КОРГОЛУУЧУ ОБЪЕКТИЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН КОРГОЛУУЧУ ОБЪЕКТИЛЕРИ – коргоого алына турган айлана‑чөйрөнүн өз ара ажырагыс табигый компонеттери­нин жыйындылары. Алар булгануудан, бузу­луудан, түгөнүүдөн жана талкалануудан сакта­лышы зарыл. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү: жер, суу жана атмосфералык аба. Жер бүтүндөй жара­тылыш менен анын объектилеринин негизин түзөт. Башка бардык объектилер (жер астындагы жана анын үстүндөгү) Жер менен ажырагыс бирим­дикте жана байланышта болот. Жер айлана‑чөй­рөнүн жана аны коргоонун объектиси катары жер бети менен кыртыштык катмарды түзөт. Айыл чарбасын­да жер өндүрүштүн негизги жана алмаштыргыс каражаты болуп эсептелет. Ошондуктан мында кыртыштын түшүмдүүлүгү биринчи мааниге ээ. Маанилүүлүгү жагынан кийинки объектини суу түзөт. Сууларга дарыялар, көлдөр, каналдар, суу сактагычтар, көлмөлөр, көлчөлөр, мөңгүлөр, жер астындагы суулар кирет. Суу объектилеринин курамы суу кодексинде берилген. Жашоо турмуштагы эң маанилүү жаратылыш чөйрөсү­нүн бири – атмосфералык аба. Атмосферанын курамында атмосферанын «озондук катмары» деген ком­поненти өзгөчө бөлүнүп турат. Бул Жер бетин Күндүн тике тийген нурларынан сактап туруу­чу газ катмары болуп саналат. Айлана-чөйрөнүн корголуучу объектилеринин бири – токойлор. Токойлордун климатты, суу агымдарын жөнгө салууда мааниси зор, кычкылтек бөлүп чыгарат. Айлана-чөйрөнүн корголуучу объектилери катары экосисте­малар да эсептелинет.