АЙЛАНА
АЙЛАНА – берилген чекиттен (О борборунан) бирдей алыстыкта жаткан тегиздиктеги ийри сызык. Анын О борбору менен кандайдыр чекитин туташтыруучу R кесиндиси айлананын радиусу (а, сүрөт). Айлананын эки чекитин туташтырган кесинди хорда (б, сүрөт), борбору аркылуу өткөн эң узун хорда диаметр деп аталат. Хордага перпендикуляр болгон диаметр аны тең 2ге бөлөт. Жалпы чекитке ээ болуп, эки хордадан пайда болгон бурч ичтен сызылган бурч. Чокусу айлананын борборунда жаткан бурч борбордук бурч (в, сүрөт). Ичтен сызылган бурч жаанын жарымы менен өлчөнөт жана ошол эле жааны камтыган борбордук бурчтун жарымына барабар (в, сүрөт). Кесүүчү эки түз сызык аркылуу пайда болгон бурч анын эки жагы аркылуу чектелген жаанын жарым айырмасы аркылуу өлчөнөт (г, сүрөт). Айланадагы чекит аркы-
луу бир гана жаныма жүргүзүүгө болот. Бул жаныма ал чекит аркылуу жүргүзүлгөн радиуска перпендикуляр (д, сүрөт). Эгер айлананын сыртында жаткан М чекити аркылуу ага карата кесүүчү түз сызык жүргүзүлсө, анда М чекитинен айлананы кесүүчү чекиттерге чейинки аралыктардын көбөйтүндүсү М чекитинен Айланага чейинки жаныманын узундугунун квадратына барабар (ж, сүрөт). Айлананын узундугунун анын диаметрине болгон катышы бардык айланалар үчүн бирдей. Бул катыш трансценденттик сан жана грекче «л» тамгасы менен белгиленет, сан мааниси я =3,614159... А‑нын уз.f = 2nR. Тегиздиктин Айлана менен чектелген жана анын борборунун камтыган бөлүгү тегерек деп аталат. Декарттык тик бурчтуу координаталар системасында Айлананын теңдемеси (х – а)2 + (у – b) = R2 түрүндө жазылат, мында а жана b – берилген айлананын борборунун координаталары.
Б .Э. Канетов.