АЙКИДО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙКИДО (япончо – күчтү топтоо жолу) – чы­гыштын өзүн‑өзү коргоо боюнча жекеме‑жеке күрөшүү чеберчилигинин япониялык түрү. Айкидону япониялык мастер Морихей Уесиба самурай­лардын аскер искусствосунун негизинде спорттун бир түрү катары иштеп чыккан (1920‑30‑жылдар). Айкидо жоокердик кесиптин чеберчилиги катары өзүнө кэндо, бодзюцу, джиу‑джицу сыяктуу бир нече стилдерди камтыйт. Мында каршылашы­нын аракетин өзүнө бурдуруу максатында ча­буулдап жана кайра кармоодон тез кетүү пайда­ланылат. Айкидонун ыкмаларынын жети жүз жыл-

АЙКИДО55.png

дык тарыхы бар, түпкү тамыры самурай доору­нан башталат. Айкидо ыкмалары ар тараптан ке­лишкен, адамдын денесин жана анын руханий жактан өсүшүн көздөйт. Айкидо бул табият менен адамдын тыгыз байланышын көрсөтүүчү система деп айтылат. Мында адам өзүнүн психикасынын те­реңиндеги касиеттерин даана көрсөтө ала турган таймашуунун жагдайлары топтолгон. Кыргызстандын Айкидо федерациясы 1995‑жылы Бишкекте түзүлүп, 1996‑жылдан Айкидонун Бүткүл дүйнөлүк борбору – Айкикай Хомбу Додзе (Токио, Япония) тарабынан таанылган. Кыргызстанда бүгүнкү күндө Айкидо башка чыгыш таймашууларынын ка­тарында өнүгүүдө.