АЙКАЛЫШТЫРЫЛГАН СИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙКАЛЫШТЫРЫЛГАН СИСТЕМА куру­луш механикасында ар түрдүү

Айкалыштырылган системалардын түрлөрү: а, б —устундуу асма системалар; в – шарнирдүү асма арка; г – фермалуу ийилме арка.

көтөрүү конструкцияларынын биримдиги (мис., ус­тун менен асма конструкциялар, жаа өткөөл менен ус­тун жана асмалар). Айкалыштырылган система адатта конструкциялык эле­менттердин бир бөлүгү. Ал негизинен ийилүүгө жана туурасынан кеткен күчкө, экинчиси чоюу­лууга жана кысылууга каршы турат. Ошондук­тан бир системанын кемчиликтерин аныктал­ган таасын шартта башкаларынын мүмкүнчү­лүктөрү менен толуктап турат. Айкалыштырылган системага кары менен ферманын, арка менен ферманын, асма конструкция менен карынын, кары менен арканын айкалышы­нан түзүлгөн конструкциялар кирет. Айкалыштырылган системанын кы­суучу жана ийүүчү күч келүүчү элементтери темир ­бетондон, ал эми чоюлуучу элементтери өрүлгөн болот зым аркандан жасалат.