АЙЗЕНШТАДТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙЗЕНШТАДТ – Австриянын чыгышындагы шаар. Бургерланд жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 12 миң (2000). Лайта тоосунун түштүк этегинде жайгашкан. Темир жол бекети. Алгач 1264-жылы эскерилет. Шаар укугун 1376-жылы алган. Архитектуралык эстеликтери 15–18-кылымдарга таандык. Аты окшош капка (16–17-капка; габсбургдар жана венгер княздары тарабынан 1622-жылы белекке берилген), И. Гайдин музейи (1761–91-жылдары жашаган, өлгөндөн кийин ошол эле жерге көмүлгөн) бар. Жыл сайын Гайдин фестивалы, В. Бёка жетекчилик кылган Гайдин фестивалы (Коберсдорф сепилинде ) өткөрүлүп турат. Коомдук жана маданий борбор. Экономикасында тейлөө сферасы (өзгөчө туризм) басымдуу. Тамак-аш, тигүү жана металл иштетүү өнөр жайы өнүккөн. Шарап ачытуунун ири борбору. Жыл сайын “1000 шарап” майрамы өткөрүлүп турат.