АЙДОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙДОО – кыртышты соко менен коңторуу, май­далоо жана аралаштыруу, аны иштетүүнүн негизги ыкмасы; өсүмдүк эгүү үчүн соко менен топурагы коңторулуп, жумшартылган жер аянты. Айда­ганда топурак коңторулуп, майдаланып, ара­лашат да, топурактын кыртышы (үстүңкү кат­мары) айдоонун астына түшүп, астыңкы катмары үстүнө чыгат. Айдалган катмар көпшөк болуп, топурактын аба, ным жана жылуулук режими жакшырат. Аэробдуу микроорганизмдердин ти­ричилиги жакшырып, органикалык заттар чирип, минерал бирикмелери кычкылданат да, өсүмдүккө сиңимдүү азык заттар көбөйөт. Отоо чөптүн уругу айдоонун астына түшүп, өнүп чыкпайт. Көптөгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери менен илдетте­ри жоголот. Өсүмдүк илдетке аз чалдыгат да, жер семирткичти жакшы сиңирип, түшүм ар­быйт. Жер түрдүү соко менен айдалат. Айдоонун түр­лөрү: кыртышты соконун калагы менен 180°ка коңторуп айдоо, чымдуу жерди соконун калагы менен 135°ка оодарып айдоо. Мында топурактын айдалган катмары 45° бурч боюнча бири-бирине тыгыз жатат. Айдоонун бул түрү көп жылдык отоо чөптү толук жок кылбайт, үрөн себүүдө топуракты тыр­моо, малалоо ж. б. иштер көп талап кылынат. Өздөрүштүрүлгөн айдоодо жер тилгичтүү соко менен айдалат. Соконун тилгичи кыртыштын үстүңкү катмарын (10‑12 см) астына, ал эми соконун калагы астыңкы катмарын үстүнө таштайт. Бул агротехникалык эрежелерге толук жооп берип, түшүмдү жогорулатат. Эки ярустуу айдоо 30 см (үстүнкүсү 15 см, астыңкысы 15 см оодарат) жана 40 см (0‑20 см; 20‑40 см) тереңдикте ярустуу соко менен айдалат. Айдоонун тереңдиги, убактысы ар бир зонанын топурак‑климаттык шартына, кыртыштын физикалык жана биологиялык абалына ж. б. жараша болот. Эң кеңири таралганы – тилкелеп айдоо. Мында айдалуучу жер өзүнчө тилкелерге бөлүнүп, соко коңторгон топуракты тилкенин ичин же сыртын карай жыгат. Ичине жыгып айдоо тилкенин ортосунан, сыртына жыгуусу че­тинен башталат. Топуракты терең алып, ала калтырбай, өсүмдүк калдыктарын толук көмө жүргүзүлгөн айдоо сапаттуу деп эсептелинет. Буга мөөнөттү өткөрбөй, сокону алдын ала даярдап, кыртышты биринчи жылы тилкенин ичин, экинчи жылы сыртын карай жыгып айдоо менен жетишүүгө болот. Кыргызстанда бардык айдоо аянты 1,118 млн гана түзөт (2003).
Ад.: Земледелие, под ред. Воробьева С. А. М., 1968; Луръев А. Б. и др. Сельхозмашины. Л., 1983.