АЙДАРЫМ АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРЫМ АРАЛДАРЫ, К а р и б а р а л д а р ы (англисче Windward Islands, испанча Islas Barlovento) – Кариб деңизиндеги аралдар тобу, Кичи Антил аралдар архипелагынын чыгыш бөлүгү. Вест Индияда, Виргиния жана Тринидад аралдарынын аралыгында жайгашкан. Ири аралдары: Гваделупа, Мартиника, Доминика, Гренада, Сент‑Винсент, Антигуа ж. б. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 1447 м, Доминика аралында). Ара­кеттеги жанар тоолор бар. Тропиктик климат өкүм сүрөт. Бал камыш, цитрус өсүмдүктөрү, кофе, какао, банан плантациялары бар. Айдарым аралдарында жайгашкан өлкөлөр: Антигуа жана Барбуда, Гренада, Доминика, Сент‑Винсент жана Гренадина, Сент‑Люсия, ошондой эле Улуу Британия, Франция, Нидерланддын ээликтери бар. Жалпы аянты 6 миң км2. Калкы 1,7 млн (2009). Негизги шаарлары – Фор‑де‑Франс (Мартиника аралында), Пуэнт‑а‑Питр жана Бас‑Тер (Гваделупа аралында), Кастри (Сент‑Люсия аралында). Аралдар­дын түндүк-чыгыш пассат шамалына карата ачык жайгашуусунан улам ушундай аталып калган.