АЙДАРКУЛ КААНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРКУЛ КААНА (1953‑жылы туулган, Чүй облусу, Ысык‑Ата району, Юрьевка айылы) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1994), профессор (1997). Милициянын полковниги. 1976‑жылы КМУну бүтүргөн. 1976–80‑жылдары В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз‑келиндер институтунда лаборант, окутуучу, доцент, профессор, 1980–94‑жылдары КРдин Ички иштер министрлигинин академиясында жооптуу кызматкер, 1994–2004‑жылдары И. Арабаев атындагы КМУда окутуучу‑профессор, 2004–07‑жылдары КРдин Ички иштер министрлигинин академиясында кафедра начальниги, профессор, окуу иштери боюнча начальниктин орун басары, 2007–15‑жылдары кафедра начальниги, 2015‑жылдан И. Арабаев атындагы КМУда факультеттин профессору, Кыргыз милиция кызматкерлеринин аялдар ассоциациясынын президенти. Эмгектери негизинен эл аралык мамилелер тарыхын, саясат таануунун маселелерин изилдөөгө багытталган. 100дөн ашуун илимий эмгектери жарыкка чыккан. «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» (2018), «Кыргыз милициясынын отличниги» (2012), «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» (1995). КРдин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эмг.: Международные отношения кыргызов и Кыргызстана: история и современность. Б.,2002, Правовые основы кыргызской милиции.
В соавторстве. Б., 2004, Права человека и массовые беспорядки. Б., 2010.