АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен руднигинен 8 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1650–1950 м бийиктикте. Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1978‑жылы запасын бекиткен. Карбон мезгилинин тоо тектеринен түзүлгөн ар түрдүү брекчияларындагы сымап‑сурьма кен таш тулкулары менен флюорит минералы байланышкан. Флюорит майда кристаллдуу уя түрүндө кездешет. Кен таштагы флюорит 16,57%ин түзөт. Флюоритти металлургияда флюс катары пайдаланса болот. Флюориттин С1 категориясы боюнча запасы – 267 миң т, С2 – 270 миң т, 1997‑жылга карата баланстагы запасы С1– 261 миң т, С2 – 269 миң т.