АЙГЫР ЖАЛ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙГЫР-ЖАЛ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыш­так. Баш‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 8 км батыш тарапта, Кара‑Суу темир жол бекетинен 64 км. Деңиз деңгээлинен 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3091 (2014); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория бар. 1965–68‑жылдары Кем­пир‑Абад суу сактагычынын курулушуна байланыштуу мурдагы Жаңы‑Жол кыштагынан башка жерге көчүрүлүп, азыркыча аталып калган.