АЙВАН
АЙВАН (перс. эйван бастырма, иван зал, ак сарай) – 1) Орто Азияда турак жайлардын, мечиттердин ж. б. имараттардын алдына улай же өзүнчө курулган чатыры жайык, түркүктөр менен тирелген бастырма; 2) короонун ичиндеги бир, эки же үч тарабы ачык, кенен имарат‑зал (Парфия менен Сасаниддик Ирандын ак сарайларында, орто кылымдагы Орто Азия, Иран, Афганистан ж. б. өлкөлөрдө мечиттер менен ак сарайларда адамдарды кабыл алуучу жай).
Кыргызстандын аймагында (көбүнчө түштүгүндө) айваны бар көп турак үйлөр, мечиттер салынган (мис., Сулайман тоосунун этегиндеги мечит). Имараттын ортоңку чатыры купол түрүндө жабылып, капталындагылары кышкы имаратка ылайыкташтырылган. Мындай мечиттер Орто Азиянын Самарканд, Бухара ж. б. шаарларында да кезигет.
Д. Өмүралиев.