АЙБИЭМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙБИЭМ (IBM) - (англ. IBM CORPORATION) маалыматтарды иштетүү жана жиберүү каражаттарын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири корпорация. «Эл аралык бизнес машина» IBM АКШда 1911‑жылы негизделип, башка ат менен аталган. Азыркы аты 1924‑жылы ыйгарылган. Бул жылдары IBM ар түрдүү жабдууларды жана маалыматтар түркүмү (семействолор) системасын иштеп чыккан. Алгач өзгөчө IBM 360/370 база компьютери кеңири таралган. Жыйналган тажрыйбалардан улам 1990‑жылы ES/9000 түрүндөгү компьютер менен жабдуу башталат. ІВМдин стратегиялык иштеп чыгуулары төмөнкүлөр: Nways архитектурасы, кең тилкелүү тармак архитектурасы, видеографика матрицасы, коммутацияланган виртуалдык тармак, жиберүүнүн пакеттик жолу, киргизүү системасы жана кабар маршруттоо, FORTRAN тили. Тармак башкаруу платформасы Karat тармакта иштетүү системалар көптүгүн башкарууга мүмкүндүк берет. Структураланган аталыштар тили берилиштер базасы менен натыйжалуу иштөөнү камсыз кылат. IBM жарыш иштетүү каражаттуу суперкомпьютерлерден жеке компьютерге чейинки жана жеке электрондук ассистенттердин кеңири номенкулатурасын чыгарат. Колдонмо программалар комплекстерин иштеп чыгууга көбүрөөк көңүл бурат. Мындай комплекстерге иш кагаздарын автоматташтырууну камсыз кылган колдонмолор, видеофильмдерди жана бардык берилиштер түрүн камтыган интегралдаштырылган берилиштер базасы кирет.

А. С. Өмүралиев