АЙ
АЙ – Жердин табигый жандоочусу. Анын массасы Жердикине салыштырганда 81,3 эсе кичине, радиусу 1738 км, Жерге чейин орточо аралыгы 384400 км, перигейде 21000 кмге кыска, апогейде ошончого узун. Ай бетиндеги эркин түшүү ылдамдануусу Жердикинен 6 эсе аз, g=162 см/сек2. Айдын топурагын изилдөө менен анын жашы
Жердикиндей эле 4,3 млрд экендиги, жердеги химиялык элементтер бар экендиги далилденген. Ай өзүнөн жарык чыгарбайт, Күндүн жарыгын чагылдырат. Жерди айлануу учурунда чагылган нур ар кандай фазада (к. Ай фазалары.) болуп турат. Айдын Жерди бир айлануу мезгили (27,32 жер суткасы) өз огунда айлануу мезгилине барабар болгондуктан, Жер шарынан Айдын бир бети гана көрүнүп турат. Ал Айдын көрүнгөн жарым шары деп аталат. Астрономдор Айдын көрүнбөгөн бетинин картасын жана биринчи Ай глобусун 20‑кылымда түзүшкөн. Анын бетинин температурасы күндүзү өтө жогорулап, экваторунда чак түштө +177°Сге жетет, түнкүсүн өтө суук тартып -153°-173°Сге жетет, орточо температурасы 130°Сге жете ысып, жеңил газ молекулалары км/сек ылдамдыкка жетет жана Ай бетиндеги биринчи космостук ылдамдык 1,68 км/секта. барабар. Айда Жер сыяктуу атмосфера, суу болбогондуктан тиричилик да жок, ошондой эле шамал да болбойт. Айдын тегиз эмес бетинде метеориттердин жана жанар тоо издери, кратерлер жакшы сакталып, андагы издер ар кандай өлчөмдө болуп, кээ биринин диаметри 250 кмге жетет. Ошондуктан Айдын бети көп кратерлүү жана бийик тоолуу рельефтен, чоң таштардан, кум жана борпоң топурактан турат. Айдагы кратерлердин ирилери жанар тоолордун атылышынан, майдалары метеориттердин түшүшүнөн пайда болгон. 1959‑жылы советтик «Луна‑3» автоматтык планета аралык станциясы Айдын көрүнбөгөн бетин сүрөткө тартып келген. Бул космос мейкиндигинен алынган биринчи телесүрөттөр болуп эсептелет. 1969‑жылы АКШ астронавттары Н. Армстронг м‑н Э. Олдрин Айга конуп, биринчи кадам жасашкан. Айдын түзүлүшүн, химиялык-минералогиялык курамын селенология илими изилдейт. Ад.: Луна, под. ред. Маркова А. В., М., 1960; Мейсон Б., Мелссон У., М. Лунные породы, 1973.