АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ – калк­ты азык‑түлүктүн бардык түрү менен туруктуу камсыз кылууга багытталган экономикалык-уюшту­руучулук, технологиялык жана социалдык иш‑чараларды камтыган мамлекеттик башкы маселелердин бири. 1996‑жылы 17‑ноябрда кабыл алынган Рим декла­рациясына ылайык Кыргызстан дүйнөлүк коомдош­туктун мүчөсү катары өзүнө «жакырчылыкты, теңсиздикти жоюуга, бардык мезгилде жетишер­лик диеталык толук баалуу азык‑түлүккө физикалык жана экономикалык жактан ээ болуу жана аны пайдалана алууну камсыз кылууга багытталган саясат жүргүзүү» милдеттенмесин алган. Азык-түлүк коопсуздук саясаты рынокто тамак‑аш азыктарынын болушун, та­мак‑аш азыктары менен туруктуу камсыздоону, алардын коопсуз жана алгылыктуу сапатын, калк­тын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өлкөнүн ар бир тургунунун тамак‑аш азыктары менен камсыз болушун көздөйт.