АЗОТ ОКСИДДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЗОТ ОКСИДДЕРИ – азоттун кычкылтек менен бирикмелери: N20 (чала окиси), N0 (окиси), N02 (кош окиси),N203 (азоттуу ангидрид) жана N2Os (азот ангидриди). N20 – жагымдуу жыты, тат­туураак даамы бар, түссүз газ. – 89°Сде суюк, ал эми t‑91°Cдe катуу абалга өтөт. 0°Сде бир көлөм сууда 1,3 көлөм эрийт. Туруксуз болгондуктан жеңил ажырап, кычкылтек менен азотту пайда кылат: 2N20->2N2+02. Ал аммоний нитратын ажыратуудан алынат: NH4N03->N20+2H20. Ме­дицинада анестезия үчүн колдонулат. N0 – түссүз газ, кайноо t‑151,8 °C, эрүү t‑163,7 °C. Өнөр жай­да электр жаасында аммиакты окистендирүү жолу менен, лабораторияда суюлтулган азот кислота­сын таза жез металлына таасир этүүдөн алынат: Cu+8HN03=3Cu(N03)2+2N0+4H20. Абада окистенип, күрөң түстөгү N02re айланат, сууда начар эрийт. Жегичтер, кислоталар, суу менен реак­цияга кирбейт. Негизинен азот кислотасын алуу үчүн колдонулат. N02 – күрөң түстөгү, тумчук­тургуч жыты бар газ. – 21,15°Сде күрөң кызыл суюктукка айланат. Сууда эрип, азоттуу жана азот кислоталарын: 2N02+H20<-> HN02+HN03, жегичтер менен нитраттарды пайда кылат. Негизинен азот кислотасын алуу үчүн колдонулат. N203 – ка­димки шартта туруксуз, -3,5°С кайнайт. Суу менен реакцияга кирип, азоттуу кислотаны пайда кылат. Азот ангидриди N205 катуу кристалл, 32,3°Сде эрийт. Суу менен реакцияга кирип азот кислотасын жана жегичтер менен реакцияланышып туздарды пайда кылат: N205+H20=2HN03; N205+2Na0H=2NaN03+H20. Күчтүү окистендир­гич болгондуктан көп органикалык заттар менен да өз ара аракеттенишет.

Б. Бегалиева.