АЗОТТУУ СУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЗОТТУУ СУУЛАР– курамындагы газдардын негизин азот газы түзгөн табигый суулар. Сей­рек кездешүүчү бул сууларда көбүнчө аргон, гелий, неон, криптон, ксенон ж. б. инерттүү газ­дар да кездешет. Кыргызстандагы минералдуу суу­лардын басымдуу тобун Азоттук суулар түзөт жана алардын катарына Жалал‑Абад, Ысык‑Ата, Жыр­галаң, Ак‑Суу (Теплоключенка), Сары‑Жаз, Аламүдүн, Алтын‑Арашан булактары, Чоң Кызыл‑Суу, Көкөмерен, Ысык‑Көлдөгү бургулоо көзөнөктөрү менен чыккан минералдуу суулар кирет. Алардын курамындагы газдарда азот басымдуулук кылат (75‑95%). Азоттуу суулар гранит, гра­нодиорит, гнейстер ж. б. тоотектер аркылуу са­рыкканда пайда болот.