АЗОТБАКТЕР
Jump to navigation
Jump to search
АЗОТБАКТЕР (Azotobacter) – абадагы азотту топтоп, андан өз клеткасынын белогун синтездөөчү, эркин жашоочу бактериялар. Ал шапалакчалуу, кыймылдуу, сүйрү же тоголок түзүлүштө болот, спора пайда кылбайт. Анын 4 түрү топуракта, сууда жашайт. Көбүнчө жакшы иштетилген топуракта болот. Азотбактерден бир катар витаминдер, ауксин сымал өстүргүч заттар, айрым антибиотиктер даярдалат. Андан Азот жер семирткичи алынат, к. Азот топтоочу микроорганизмдер.