АЗОСПЕРМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЗООСПЕРМИЯ (а... жана гр. zoon – тирүү жан­дык, sperma – эркек уругу) – эркектин жыныс суюктугунда урук клеткасынын (сперматозоид­дердин) жоктугу. Азооспермия жыныс бездери, урук түтүктөрү начар өөрчүгөндө же түрдүү ооруга (котон жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу жана башкалар) чалдык­канда пайда болот. Жыныс суюктугун микроскоп менен изилдеп текшергенде аныкталып, оорунун себептерине жараша дарылоо жүр­гүзүлөт. Азооспермия эркектин тукумсуздугунун себебинин бири.