АЗОБОЁКТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЗОБОЕКТОР – ароматтык радикалдарды бай­ланыштырып турган бир нече азотоптору ­N=N- бар органикалык заттар. Молекуласындагы азо­топтордун санына жараша: моноазобоёктор R‑N=N‑R1, диазобоёктор RN=NR1‑N=N‑R" (R'SR1, R – органикалык радикалдар – ароматтык, гете­роциклдик, алифаттык) жана полиазобоёктор деп бөлүнөт. NH2- тобу барлар аминазо-, ОН‑тобу барлар – оксиазобоёктор деп аталат. Азобоёктордун өңү­нүн кочкулданышы азо-, окси- жана амин топто­рунун санына жараша болот. Оксиазобоёктор ­начар кислоталык, аминазобоёктор начар негиздик касиетке ээ. Курамында бир же бир нече суль­фо‑тобу болсо кислотаталык, курамында амин‑тобу болсо негиздик Азобоёкторго бөлүнөт. Азобоёкторду диазоний туздарынын фенолдор, нафтолдор, ароматтык аминдер ж. б. органикалык заттар менен реакцияга киришинен алууга болот. Өндүрүлгөн бардык боёк­тордун 50%и Азобоёктор болуп эсептелет. Аминазобоёктор менен сары түстөн көк, кара түскө чейин бу­ланын бардык түрүн, пластмасса, кагаз, тери, булгаары боёого болот.